Главная
2022-жылдын 27-сентябрында К.И. Скрябин атындагы Техника-экономикалык колледжинде өлкөбүздө түзүлгөн акыркы кырдаал Баткен окуясына байланыштуу, “Карегимде Мекен чеги, капаланба Баткен эли” аталышында мамлекеттик тил күнүнө карата флешмоб өткөрүлдү.
2022-жылдын 22-сентябрында Техника-экономикалык колледжинде “Баткенге жардам” кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду. Баткендик боордошторубузга окуу жайдын окутуучуларынын атынан бир күндүк маяна-20323 сом акчалай которулуп, студенттердин атынан 12000 сомго керектүү каражаттар алынып, штабга жеткирилип берилди.
2022-жылдын 1-сентябрында “Билим күнүнө” карата Техника-экономикалык колледжинде салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага окуу жайдын окутуучулар жамааты, студенттер, ата-энелер катышышты. Жыйынды окуу жайдын директору, билим берүүнүн мыктысы, тех.и.к., доцент Барпиев А.Ж. ачып, чогулгандарды Билим күнү менен куттуктап колледждин тарыхы тууралуу кыскача маалымат берди. Соңунда студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
2019-жылдын 28-ноябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде эл аралык студенттер күнүнө карата бөлүмдөр арасындагы 1-2-3-курстар үчүн “Өнөрүң болсо өргө чап-2019” кароо-сынагы болуп өттү. Сынакка студенттер өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү. Сынактын жеңүүчүлөрүнө жана 2018-2019-окуу жылынын жыйынтыгы менен окуудагы жетишкендиктери, ар түрдүү коомдук иштерге активдүү катышкандыктары үчүн студенттерге грамоталар жана дипломдор ыйгарылды. Андан соң 1-курстун лидери Болотакунов Эрболго сынак кипепчеси менен билим ачкычы тапшырылды.
2019-жылдын 27-ноябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде физика мугалими Утемисова Н.Ж. «Электрлик заряд жана элементардык бөлүкчө. Электростатиканын негизги закону - Кулондун закону» темасында 1- курстун ЭФ-19 тайпасында ачык сабак өттү.