Главная
2019-жылдын 30-октябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде салтка айланган жума сайын өткөрүлүүчү ОПУТ-18 тайпасынын куратору М.Ч.Чоюбекованын «Ден соолугуңду жашыңдан сакта» аталыштагы көрсөтмөлүү кураторлук ачык сабак өттү. Сабакка куратор менен тайпанын студенттери абдан мыкты даярдыктарды көрсөтүштү. Темага байланышкан макал –лакаптар, слайддар көрсөтүлдү. Андан тышкары студенттик бейтапканадан адистер чакырылып алар алкоголь, тамеки, насвайдын зыяндуулугу жөнүндө айтышып, ден соолукка байланыштуу кеп кеңештерин беришти.
К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде студенттерге татыктуу билим, берип нравалык жактан ыймандуулукка, ынтымакка, жарандыкка чакыруу максатында ар жума сайын тарбиялык сааттарды өткөрүп туруу пландалды. Тарбиялык сааттардын темалары ар түрдүү. Ар бир тайпа куратору өзүнө бекитилген темалар боюнча куратордук сааттарды өтүшөт. Жыл аягында тарбиялык саатты жогорку деңгээлде, берилген теманы ачып берип, методикалык колдонмосу, студенттер менен болгон байланышы күчтүү кураторлорго орундар берилип аларды сыйлоо жагы каралды. Төмөндө биз тайпа кураторлорунун тарбиялык сааттарын сунуш кылабыз.
2019-жылдын 10-октябрында
Маратова Асель Маратовна ЭСН-18 тайпасынын куратору
Темасы: “Байлык колдун кири”