Главная
К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде студенттерге татыктуу билим, берип нравалык жактан ыймандуулукка, ынтымакка, жарандыкка чакыруу максатында ар жума сайын тарбиялык сааттарды өткөрүп туруу пландалды. Тарбиялык сааттардын темалары ар түрдүү. Ар бир тайпа куратору өзүнө бекитилген темалар боюнча куратордук сааттарды өтүшөт. Жыл аягында тарбиялык саатты жогорку деңгээлде, берилген теманы ачып берип, методикалык колдонмосу, студенттер менен болгон байланышы күчтүү кураторлорго орундар берилип аларды сыйлоо жагы каралды. Төмөндө биз тайпа кураторлорунун тарбиялык сааттарын сунуш кылабыз.
2019-жылдын 27-ноябрында
Ибраева Назгүл Төлөмүшевна ЭБУ-17 тайпасынын куратору
Темасы: “Туура кийинүү маданияты”
2019-жылдын 26-ноябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата “Т.Усубалиев жана Кыргызстандын эл достугу” аттуу иш-чара болут өттү. Иш-чарага колледждин окутуучулар жамааты жана студенттер катышышты. Анда студенттерге коомдук ишмердин өмүр баяны, Кыргыз республикасына кошкон салымы тууралуу маалыматтар берилип, даректүү фильм көрсөтүлдү.
2019-жылдын 26-ноябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде Жалпы билим берүү бөлүмүнүн орус тили мугалими Атабекова Э.Т. ТО-18 тайпасында «Текст жана анын белгилери» темасы боюнча изилдөөчүлүк ачык сабак өткөрдү.
2019-жылдын 22-ноябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде 2020-2021-окуу жылына карата ачык эшик күнү болуп, ага Аламүдүн районунун Беш-Күнгөй орто мектебинин 9-11-класстарынын окуучулары келишти. Окуучулар колледждин аудиторияларын кыдырышып окуу процесси менен таанышышты. Андан соң окуу жай тууралуу видеоролик көрүштү.
2019-жылдын 31-октябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде окутуучулардын спорттук даярдыктары боюнча (ГТО) иш-чара болду. Анда окутуучулар спорттук ченемдерди (нормативдерди) тапшыруу менен өздөрүнүн спорттук даярдыктарын көрсөтүштү.