ОмскАвтоСклад

Obystroy.com

Сообщение

Новости

2018-жылдын 19-майындаТ.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын аянтчасында Билим фестивалы өткөрүлдү. Фестивалга Республикабыздын ЖОЖдорунан, орто кесиптик окуу жайларынан өкүлчүлүктөр катышты. Алар абитуриенттерге туура багытта кадам коюусуна жардам берүү максатында керектүү жана негизги маалыматтарды беришти. Биздин техника-экономикалык колледжинен да барып катышып, абитуриенттерге ТЭК жөнүндө маалыматтарды берип, буклеттерди таратып келишти.

 

Подробнее...

2018-жылдын 18-майында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде энелер күнүнө арналган “Энелер-үйдүн куту “ аттуу иш-чара болуп өттү. Кечеге колледждин жакшы окуган жана коомдук иштерге жигердүү катышкан студенттеринин апалары чакырылып, ыраазычылык кат менен сыйланышты. Аларга арналып ыр майрам тартууланды.

 

Подробнее...

2018-жылдын 17-апрелинде К.И. Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде жылда өтүүчү “Баракелде-2018” кароо-сынагы болуп өттү. Студенттер өздөрүнүн таланттарын ар кыл жанрларда сынап көрүштү. Сценалык аткаруу, көркөм окуу, өзгөчө жанрдын номерлерине кароо-сынактын калыстар тобу жакшы бааларын беришти.

 

Подробнее...

2018-жылдын 20-мартында К.И. Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде жаз майрамы Ноорузга карата “Нооруз – жаңылануунун жарчысы” аталышындагы иш чара болуп өттү. Иш чарага колледждин студенттери, окутуучулары жана коноктор катышты. Аластоо менен башталган майрам концерттик программа менен коштолуп, өтө жандуу болду. Майрамды көркүнө чыгарган улуттук оюндар студенттер, мугалимдер арасында катуу таймаш менен өттү. Чака чапмай, аркан тартыш, кол күрөш, ордо, кыргыз күрөш, бука тартыш оюндарынын жыйынтыгы менен студенттер дипломдор менен сыйланышты. Улуттук тамак аштын түрлөрүн жасап келген тамактардын да мыктылары аныкталды.

  

Подробнее...

2018-жылдын 7-мартында К.И. Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде Жыл сайын “Сиз мугалим, мен студент” атту иш-чара өткөрүлүп турат. Бул саамалык студенттер жана окутуучулар арасында жакшы колдоого ээ. Максаты-студенттер жана окутуучулардын ортосундагы мамилени жакындатуу, нравалык-эстетикалык тарбия берүү. Бул кароо-сынак эки баскычта өттү. Алгач 23-февраль “Ата Мекенди коргоочулар күнүнө” карата, экинчи баскыч 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү. Жеңүүчүлөр дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды. Кароо-сынактын калыстар тобу сырттан чакырылган. Кызыктуу өткөн кароо-сынак көрүүчүлөрдү кайдыгер калтырган жок.

  

Подробнее...

ТЭК при КНАУ им.К.И.Скрябина