ОмскАвтоСклад

Obystroy.com

Новости

2019-жылдын 24-апрелинде К.И.Скрябин атындагы КУАУда  «Баракелде-2019»  кароо-сынагынын Гала-концерти болуп өттү. Университеттин ректору, КР УИАнын корреспондент- мүчөсү, ветеринария илимдеринин доктору, профессор Нургазиев Р.З. куттуктоо сөз сүйлөп, жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды. Андан соң мыкты номерлерди сыйлоо аземи болуп өттү. ТЭКтин студенттери бий, сценалык аткаруу, алып баруучулук, вокалдык ырдоо, көркөм окуу боюнча 1-2-3 орундарды алып, акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышты.

 

Подробнее...

2019-жылдын 17-апрелинде К.И. Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин окутуучулары менен алдыңкы студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде болуп келишти. Анда ЖКнын кезектеги сессиясынын жүрүмүнө катышышты. Студенттер ЖКда экскурсияда болуп, айрым депутаттар менен пикир алышып, өздөрүнүн кызыктырган суроолорун беришти.

 

Подробнее...

2019-жылдын 15-апрелинде К.И. Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде “Баракелде-2019” кароо-сынагы болуп өттү. Таланттуу студенттердин аткаруусунда вокалдык аткаруу, бий, көркөм окуу, өзгөчө жанр, сценалык аткаруу, аспапта ойноо номерлерин жогорку чеберчиликте аткарышып, көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулашты.

 

Подробнее...

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде студенттерге татыктуу билим, берип нравалык жактан ыймандуулукка, ынтымакка, жарандыкка чакыруу максатында ар жума сайын тарбиялык сааттарды өткөрүп туруу каралган. Тарбиялык сааттардын темалары ар түрдүү. Ар бир тайпа куратору өзүнө бекитилген темалар боюнча куратордук сааттарды өтүп жатышат. Жыл аягында тарбиялык саатты жогорку деңгээлде, берилген теманы ачып берип, методикалык колдонмосу, студенттер менен болгон байланышы күчтүү кураторлорго орундар берилип аларды сыйлоо жагы каралган. Төмөндө биз тайпа кураторлорунун тарбиялык сааттарын сунуш кылабыз.

2019-жылдын 10-апрелинде

Текешова Гульнара Бакайевна ЭСН-17 тайпасынын куратору

Темасы: Узак жашоонун сырлары

 

Подробнее...

К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде студенттерге татыктуу билим, берип нравалык жактан ыймандуулукка, ынтымакка, жарандыкка чакыруу максатында ар жума сайын тарбиялык сааттарды өткөрүп туруу каралган. Тарбиялык сааттардын темалары ар түрдүү. Ар бир тайпа куратору өзүнө бекитилген темалар боюнча куратордук сааттарды өтүп жатышат. Жыл аягында тарбиялык саатты жогорку деңгээлде, берилген теманы ачып берип, методикалык колдонмосу, студенттер менен болгон байланышы күчтүү кураторлорго орундар берилип аларды сыйлоо жагы каралган. Төмөндө биз тайпа кураторлорунун тарбиялык сааттарын сунуш кылабыз.

2019-жылдын 25-мартында

Мырзабек уулу Самат МТО-18 тайпасынын куратору

Темасы: Жаман адат-өмүргө чабылган балта

 

Подробнее...

ТЭК при КНАУ им.К.И.Скрябина