ОмскАвтоСклад

Obystroy.com

Сообщение

Новости

2018-жылдын 21-сентябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде “ЖББ” бөлүмү 1-курстун студенттеринин ата-энелери менен чогулуш өткөрдү. Чогулушка 70тен ашык ата-эне келди. Аларга ТЭК жөнүндө слайд көрсөтүлдү. ТЭКтин студенттери тууралуу жобосу, КУАУнун ректору Р. Нургазиевдин буйруктары менен тааныштырылды. Ата-энелер комитети түзүлдү. Окутуучулар менен суроо-жооптор берилди.

 

Подробнее...

2018-жылдын 19-сентябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде “Тилим-менин дилим” аттуу Кыргыз тилинин күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Куттуктоо сөз директор Ж.С. Шаршембиевге берилди. Андан соң тил жөнүндө ырлар жаңырып, манас айтылып, кыргыз бийи тартууланды, тил майрамына арналган слайд-шоу жана сценка эч кимди кайдыгер калтырган жок.

 

Подробнее...

2018-жылдын 14-сентябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжин ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө салтанаттуу түрдө диплом тапшыруу аземи болуп өттү. Директор Ж.С. Шаршембиев бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, дипломдорду тапшырды. Аларга арналган жылуу сөздөр айтылып, концерт тартууланды.

  

Подробнее...

2018-жылдын 1-июнунда К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин 2-курсунун студенттери Ата Бейитке барып келишти. Студенттер репрессиянын курмандыгы болгон кыргыз элинин азаматтарынын тагдыры менен таанышышты. Бул жерде улуу жазуучу Ч. Айтматовдун жана элдик революциянын курмандыктары болгон эр азаматтардын айкелдерине таазим этишти.

 

Подробнее...

2018-жылдын 19-майындаТ.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын аянтчасында Билим фестивалы өткөрүлдү. Фестивалга Республикабыздын ЖОЖдорунан, орто кесиптик окуу жайларынан өкүлчүлүктөр катышты. Алар абитуриенттерге туура багытта кадам коюусуна жардам берүү максатында керектүү жана негизги маалыматтарды беришти. Биздин техника-экономикалык колледжинен да барып катышып, абитуриенттерге ТЭК жөнүндө маалыматтарды берип, буклеттерди таратып келишти.

 

Подробнее...

ТЭК при КНАУ им.К.И.Скрябина