ОмскАвтоСклад

Obystroy.com

Новости

2018-жылдын 4-октябрында Эл аралык карылар күнүнө карата К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин 1-2-3-курстарынын студенттери Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүнө жардам берүү менен бирге, карыларга концерт коюп, колледждин атынан таттууларды тартуулашты. Мындай маанай карыларды шаңга, кубанычка, мээримге бөлөдү.

 

Подробнее...

2018-жылдын 27-сентябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде Биринчи май райондук Ички иштер  башкармалыгынын ага лейтенанты Адилов Медер менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга 1-2-курстун студенттери жана окутуучулар катышты. Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча лекция окулуп, КРнин мыйзамдары тууралуу маек, суроо-жооптор болду.

 

Подробнее...

2018-жылдын 21-сентябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде “ЖББ” бөлүмү 1-курстун студенттеринин ата-энелери менен чогулуш өткөрдү. Чогулушка 70тен ашык ата-эне келди. Аларга ТЭК жөнүндө слайд көрсөтүлдү. ТЭКтин студенттери тууралуу жобосу, КУАУнун ректору Р. Нургазиевдин буйруктары менен тааныштырылды. Ата-энелер комитети түзүлдү. Окутуучулар менен суроо-жооптор берилди.

 

Подробнее...

2018-жылдын 19-сентябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде “Тилим-менин дилим” аттуу Кыргыз тилинин күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Куттуктоо сөз директор Ж.С. Шаршембиевге берилди. Андан соң тил жөнүндө ырлар жаңырып, манас айтылып, кыргыз бийи тартууланды, тил майрамына арналган слайд-шоу жана сценка эч кимди кайдыгер калтырган жок.

 

Подробнее...

2018-жылдын 14-сентябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжин ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө салтанаттуу түрдө диплом тапшыруу аземи болуп өттү. Директор Ж.С. Шаршембиев бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, дипломдорду тапшырды. Аларга арналган жылуу сөздөр айтылып, концерт тартууланды.

  

Подробнее...

ТЭК при КНАУ им.К.И.Скрябина