ОмскАвтоСклад

Obystroy.com

Сообщение

Новости

2017- жылдын 17- апрелинде республикалык жогорку окуу жайларынын арасында өткөрүлүүчү “Бишкек жазы -2017” фестивалына катышууга тандоо жүргүзүү максатында, КУАУнун факультеттер, колледждер арасындагы студент өнөрпоздордун “Баракелде -2017” кароо сынагына Техника -экономикалык колледжинин студенттери активдүү катышышып 3-орунга татыктуу болушту. Бул кароо-сынакка студенттер А.Токомбаевдин “Таң алдында” чыгармасынан көркөм окушту, Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынан үзүндү аткарышып, чыгыш бийин бийлешти. Ал эми  Дүйшөнбек уулу Эрлан менен Майрамкулова Бермет цирк өнөрүн көрсөтүшүп жагымдуу маанай тартуулашты.

 

Подробнее...

2017-жылдын 14-апрелинде М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинде “Экономика” тармагы боюнча орто окуу жайлардын арасында студенттик КВН болуп өттү. Бул КВНге Техника-экономикалык колледжинин “ЭФМ” бөлүмүнүн 2-курстарынын студенттери активдүү катышышып, 5 команданын ичинен (КМУУ алдындагы колледж, КЭУ алдындагы колледж, ТЭК, Авиациялык колледж жана КЭУнун алдындагы лицей) 3-орунга ээ болушту. ТЭКтин окутуучулар жамааты жана студенттери катышуучуларды жеңиши менен куттукташат.

 

2017-жылдын 11-апрелинде ТЭКтин окутуучулар жамааты менен студенттери «Hookan» кафесинде дискотека уюштурушуп, түшкөн акчалай каражаттарды карылар үйүндө жашагандарга белек бечкектерди алып берүү учүн кайрымдуулук кечесин өткөрүштү. Эртеси 12-апрелде 215 кишиге таттуулар жана 10литрдей сыр щеткалары менен сатылып алынып, студенттер менен мугалимдер карылар үйүнүн тегерек четтерин тазалап, сырдоо иштерин жүргүзүштү. Соңунда студенттердин жардамы менен түзүлгөн концерттик программа тартууланды. Мындай иш - чаранын өткөрүлүшү кичине болсо да кароосуз калган каарылардын көңүлүн көтөрүү үчүн жасалды.

  

Техника-экономикалык колледжинин 3-курсунун ЭБУ-14 группасынын студенти Акбарали кызы Аселди «Таяк тартыш» боюнча Кыргыз Республикасынын Чемпионатында 60 кг, салмак категориясында жаштар арасында 3-оорунду ээлегендиги менен колледждин окутуучулар жамааты жана студенттери куттукташат.

 

2017-жылдын 25-мартында Техника-экономикалык колледжинде “Кыз-жигит. Сармерден-2017” ТЭКтин мырзалары менен айымдарынын ортосундагы кароо-сынагы болуп өттү. Кыргыздын макалдары, табышмактары, жаңылмачтары, элдик ырлары музыканын коштоосунда жаңырып, бийлер бийленди. Бул иш-чара Кыргыздын каада-салттарын жайылтуу маанисинде «Нооруз» майрамына арналган студент менен окутуучулардын ортосундагы байланышты чыңдоо, чыгармачылык жөндөмдөрүн арттыруу, маданий-массалык иш-чараларга тартуу жана студент менен окутуучулардын жеке кызыгуусун өнүктүрүүгө шарттарды түзүү максатында өткөрүлдү. Жыйынтыгында “Кызгалдак”кыздар командасы жакшы даярдыктарды көрсөтүшүп жеңишке ээ болушту.

  

Подробнее...

ТЭК при КНАУ им.К.И.Скрябина