2024-жылдын 17-майында Техника-экономикалык колледжинде Н.Т. Ибраева ЭБУ-22 тайпасы менен «Өспүрүм курак жана психология” деген темада куратордук ачык сабак өткөрдү. Бул сабакка студенттер менен куратор чыгармачылык , изденүүчүлүк менен даярданышканы видеороликтердин, слайддардын жасалышынан көрүнүп турду. Өспүрүм курактагы балдар стресске кабылышып, чөйрөсүндөгү адамдар менен тил табыша албай калган учурда эмне кылыш керек? Кантип стресстен чыгуу керек? деген суроолордун тегерегинде талкуу жандуу болду.