Техника-экономикалык колледжинде 12-апрель Космонавтика күнүнө карата астрономия сабагынын окутуучусу Айнагүл Жолдошевна Анарбекова 1-курстардын арасында конкурстук сабак өткөрдү.

Конкурстун тапшырмалары:

  1. Саламдашуу жана тайпанын атын коргоо.
  2. Баш катырма викторинасы.
  3. “Эң көптү билебиз” оюну

Студенттер бул сабакка дыкааттык менен даярданышкан. Тайпанын атын коргоо үчүн стенгазета тартышып, аудитория жасалгасын космоско айландырышкан. Викторинанын суроолорунун кызыктуулугу, сабактын темаларын толук камтылышы, » Эң көптү билебиз» оюну студенттер тарабынан изденүү менен берилген. Сабактын аягында жеңүүчү тайпаларга Дипломдор жана Грамоталар тапшырылды.