2022-жылдын 1-сентябрында “Билим күнүнө” карата Техника-экономикалык колледжинде салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага окуу жайдын окутуучулар жамааты, студенттер, ата-энелер катышышты. Жыйынды окуу жайдын директору, билим берүүнүн мыктысы, тех.и.к., доцент Барпиев А.Ж. ачып, чогулгандарды Билим күнү менен куттуктап колледждин тарыхы тууралуу кыскача маалымат берди. Соңунда студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.