2023-жылдын 8-сентябрында К.И. Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде бүтүрүүчүлөргө дипломдорду тапшыруу аземи болуп өттү. Бул салтанатка окуу жайдын мугалимдер жамааты жана бүтүрүүчүлөрү катышты. ТЭКтин директору Барпиев А.Ж.  бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, келечекте мыкты адистерден болушуна тилек айтуу менен бирге, аларга окуудагы жетишкендиктери, коомдук иштерге активдүү катышкандыктары үчүн  бүтүрүүчүлөргө “Грамоталарды”, ата-энелерине “Ыраазычылык кат” ыйгаруу менен окуу жайды аяктагандыгы тууралуу дипломдорун тапшырды. Салтанат студенттердин чакан концерттик программасы менен аякталды.