2023-жылдын 17-ноябрында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата иш-чара болуп өттү.ТЭКтин студенттеринин катарына быйыл жаңы келген 1-курстун студенттерине колледждин директору Барпиев А.Ж. “Студенттик  билет”, “Сынак китепчесин” жана “Билим ачкычын” тапшырды. Кеченин катышуучуларына майрамдык маанай тартуулоо максатта окуу жайдын студенттери концерттик программа тартуулашты.