2023-жылдын 5-октябрында К.И. Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде мугалимдер күнүнө арналган  салтанаттуу кече болуп өттү. Кечени колледждин директору, техн.и.к., Билим берүүнүн мыктысы, доцент Барпиев А.Ж. ачып, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады. 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы менен  колледждин мугалимдерин келечектеги жаш муундарды тарбиялоодогу талыкпаган эмгектерин жогору баалоо менен аларды “Дипломдор” менен сыйлады.

Салтка айланган  “Мыкты куратор”  аттуу кароо-сынактын жеңүүчүлөрүн, куратордук ачык сабактарды өткөргөн кураторлорду “Диплом” жана акчалай сыйлыктар менен  сыйлады. Андан соң студенттердин жардамы менен уюштурулган концерттик программа коюлду.

Бул кечеге коноктор да чакырылган. Алар эже-агайларды кесиптик майрамы менен куттукташып  олтургандарга жагымдуу маанай тартуулашты.