2023-жылдын 22-декабрында Жаңы жылга карата бөлүмдөрдүн студенттеринин арасындагы өтүүчү “Өнөрүң болсо өргө чап” кароо-сынагы өткөрүлдү.

Кароо-сынак 1-2-3-курстар арасында төмөндөгү номинациялар боюнча бааланышты

  • Вокалдык ырдоо (солист, дуэт. группа же хор, элдик же эстрадалык)
  • Бий (элдик же эстрадалык)
  • Аспаптарда ойноо (элдик,чыгыш же эстрадалык)
  • Оргиналдуу жанр (клоунада, цирк, ойлонулган өзгөчө номер)

Бул кароо-сынакка кара кылды как жарган калыстар тобуна сырттан Турарбек кызы Бурулча Кыргыз Республикасынын Коргоо Министрлигинин алдындагы борбордук армия үйүнүн солисткасы,ырчы, ОмуровЖанарбек Б. Бейшеналиева атындагы КМИИ окутуучусу жанаСадырова Гүлзат Камчыбековна КУАУнун билим берүү сапатынын бөлүм башчысы чакырылышты.

Бул кароо-сынак абдан жандуу, катуу таймаш менен өттү. Колледжибиздин студенттери талантка бай, шаңга бай экендиктерин көрсөтүштү.

Жыйынтыгында 1-орунду”ТУжана КК”бөлүмү, 2-орунду “ЖББ” бөлүмү, 3-орунду “МТК жана АО” бөлүмү ээлешти.