2023-жылдын 1-сентябрында  К.И. Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде “Билим күнүнө” арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Бул күн биринчи курска кирип жаткандар үчүн, жаңы жашоонун башталышы катары абдан маанилүү жана эсте калаар күн. Ошол себептүү окуу жайдын администрациясы студенттерди жана жалпы окутуучулар жамаатын жаңы окуу жылы менен куттукташып, чакан концерттик программа даярдашып, быйыл тапшырган абитуриенттерди окуу жай менен жана  окутуучулар менен тааныштырышты.