2023-жылдын 5-декабрында Техника-экономикалык колледжинде ОБД-22 тайпасынын куратору Токтогулова Кундуз Баатырбековна «Эненин көөнү балада, баланын көөнү талаада” аттуу тарбиялык саат өткөрдү.

Сабакта эненин кадыры, түйшүгү, балага болгон мамилеси тууралуу студенттер менен талкуу жүргүздү. Студенттер энелерге арналган ырлардан көркөм окуп, сценкаларды даярдашкан. Ошондой эле эненин түйшүгү канчалык оор экендигин да чагылдырышып беришти. Заманбап методикаларды колдонуу менен кызыктуу, ары таасирдүү сабак өткөрдү. Тарбиялык саат өз максатына жетип, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.