К.И. Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин окутуучулар жамааты менен студенттери 2023-жылдын 21-декабрында, келечектеги жаш муундарга ар тараптуу тарбия берүүгө, патриоттуулукка, элин-жерин сүйүүгө тарбиялоо максатында, кыргыз эли үчүн кызмат кылган инсандар менен жолугушуп,  келечектеги турмушуна мотивация берүү максатында Жогорку Кеңешке экскурсия кылууга жана “Ишеним” фракциясынын депутаты Абдибаева Айсаракан Нышановна менен жолугушууга барып келишти.