2023-жылдын  16-февралында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде студенттерди патриоттуулукка, эли-жерин сүйүүгө, тарыхты биле жүрүүгө, спортко тартуу максатында «Кыргызстандын белгилүү инсандары” аталышында куратордук ачык сабак болуп өттү.  Сабакка ЭБУ-20 тайпасы менен куратор Ибраева Н.Т. жакшы даярданышканы көрүнүп турду. Студенттер белгилүү жазуучу-акындар, коомдук ишмерлер, спорт чеберлери тууралуу кыскача маалыматтарды даярдашып, сценка коюшту, ырлардан көркөм окушту.

Сабактын жүрүшүндө  КРнын Жогорку Кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты, көрүнүктүү коомдук ишмер, «Алыш» эл арлык күрөш федарациясынын негиздөөчүсү,»Палван» кайрымдуулук фондунун Президенти, белгилүү спорт чебери тууралуу да маалымат даярдалган. Ошол себептүү куратордук саатка  сырттан коноктор чакырылган.

1. Султанбекова Чолпон Аалыевна- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты, Бүткүл дүйнөлүк бел боо күрөшү комитетинин Президенти, Б.Эркинбаевдин жубайы;

2. Амиралиев Шабданбек Камалидинович — Кыргыз Республикасынын Улуттук «Алыш» бел боо күрөшү федерациясынын президенти;

3. Борубаев Кабыл Абдирашитович — Кыргыз Республикасынын Улуттук «Алыш» бел боо күрөшү федерациясынын вице-президенти;

4. Усенбеков Белек Нурбекович — Кыргыз Республикасынын Улуттук «Алыш» бел боо күрөшү федерациясынын башкы катчысы.

Сабактын аягында коноктор студенттердин суроолоруна жооп беришип, кызыктуу маек куруп беришти.