2022-жылдын 7-октябрында Техника-экономикалык колледжинде “Мугалим —  мөмөлүү  дарак” аталышында салтанаттуу концерттик программа болуп өттү. Салтанатты окуу жайдын директору Билим берүүнүн мыктысы, техн.и.к. доцент Барпиев А.Ж. ачып, окутуучулар жамаатын кесиптик майрамы  менен куттуктап, 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы менен келечек муундарды тарбиялоодогу ак ниет эмгеги, мыкты окутуучу  катары иш алып баргандыгы үчүн  “Экономика жана бухгалтердик эсеп” бөлүмүнүн окутуучусу Нуралиева Назира Жоломановнаны  “Грамота” менен сыйлады.

 “Эң мыкты  куратор” кароо-сынагынын жобосуна ылайык 2021-2022-окуу жылынын жыйынтыгы менен төмөндөгү кураторлор

Нуралиева Назира Жоломановна — 3-орун алгандыгы үчүн  -3-даражадагы Диплом

Мукушова Каухар Орозхановна 2-орун  алгандыгы үчүн  – 2-даражадагы Диплом

Мырзабек уулу Самат 1-орун алгандыгы үчүн  1-жаражадагы Диплом

Токтогулова Кундуз Баатырбековна 1-орун алгандыгы үчүн  1-даражадагы Диплом менен сыйланышты.

Андан соң студенттер концерттик программа даярдашып жагымдуу маанай тартуулашты.

Кеченин аягында бүтүрүүчүлөргө дипломдор тапшырылып аларга ак жол каалады.