Нооруз — аруулуктун, тазалыктын, жаңылануунун майрамы.
Нооруз майрам биздин окуу жайда да жылына белгиленип келет. Бул күнү адамдар жакшылыкка үмүт кылып, эски таарынычтарын унутуп, бири-бирин сыйлап, үй ичин тазалашып, арча менен аласташып, «оору-сыркоо, кырсыктар болбосун» деп, жакшылыкка тилек кылышат эмеспи биз да салтка айланган аластоо менен кечебизди баштадык. Андан соң Нооруз майрамынын урматына спорттук мелдештер уюштурулду. Кыргыз элинин улуттук оюндары “чака чапмай”, “ таяк тартыш”, “ кол күрөш” оюндары бөлүмдөр арасында өткөрүлдү. Жыйынтыгында :
Чака чапмай
1-орун- “ТУ жана КК” бөлүмү
2-орун- А/ч Э жана А
3-орун – ЖББ бөлүмү
Кол күрөш
1-орун- “ЭФМ” бөлүмү
2-орун-“ТУ жана КК” бөлүмү
3-орун – А/ч Э жана А
Таяк тартыш
1-орун-“ТУ жана КК” бөлүмү
2-орун—“ЭФМ” бөлүмү
3-орун – А/ч Э жана А
Жеңүүчүлөргө Дипломдор жана белектер тапшырылды.