2022-жылдын 24-декабрында Техника-экономикалык колледжинде жаңы жылга карата бөлүмдөр арасында “Өнөрүң болсо өргө чап” кароо-сынагы болуп өттү. Сынакка төмөндөгү номинациялар киргизилген.

1.”Бий”

2. “ Аспаптарда ойноо”

3. “ Оригиналдуу жанр”

4. “Сценалык аткаруу”

Ушул номинациялар боюнча таймаш кызуу болду. Калыстык кылуу үчүн сырттан Т.Сатылганов атындагы филармониянын солисти Төробеков  Санжар жана ырчы, тамада Медетов Баяман  чакырылган.

Жыйынтыгында:

 1-орунду “Жалпы билим берүү” бөлүмү

2-орунду “Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу” бөлүмү

2-орунду “Экономика жана бухгалтерлик эсеп” бөлүмү

3-орунду “ Ташууларды уюштуруу жана кыймылдын коопсуздугу” бөлүмү ээ болушту.

Сынактын аягында студенттер жана коноктор тарабынан даярдалган  концерттик чакан программа тартууланды. Окуу жайдын окутуучулар жамааты менен студенттер жаңы жылдын алдында жакшы маанай менен  каникулга тарашты.