2024-жылдын 18-январында К.И.Скрябин атындагы Техника-экономикалык колледжинин МТК жана АО бөлүмүнүн студенттери КРнын Жогорку Кеңешине барышып, депутат Бекешов Д.Д. менен жолугушушту.

Бекешов Дастан Далабайевич студенттердин бүйүр кызыткан суроолоруна жооп берди. Жолугушуу учурунда студенттер депутат мырзага жалаң эле саясат тууралуу эмес, анын жеке турмушу, иш тажрыйбасы жана өмүр таржымалына байланышкан суроолорду да беришип, эл өкүлүнүн жоопторун аябай кызыгуу менен угушту. Соңунда депутат менен сүрөткө түшүшүп, Жогорку Кеңештин ичинде экскурсия кылышты.