2024-жылдын 7-мартында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата «Мисс жана Мистер ТЭК-2024» сынагы болуп өттү. Сынакка сырттан элибиздин таланттуу эрке баласы, маданият кызматкери,  алып баруучу – Адилет  Кыдыралиев ,Чолпон Назарбекова “Аян тревел” туристтик агенствосунун негиздөөчүсү, Кыргызстан Демократиялык Аялдар комитетинин координатору, кыргыз элибиздин таланттуу ырчысы, радио алып баруучу Бурул Сулайманова, ырчы, аткаруучу, маданият кызматкери, «Сахна жылдызы» наамынын ээси ырчы Нурзат Сыдыковалар чакырылган.

Кечени окуу жайдын директору А.Ж.Барпиев куттуктоо сөзү менен ачты. Андан соң Кыргызстан Демократиялык Аялдар комитетинин координатору  Чолпон Назарбекова колледждин айрым окутуучуларын келечек муундарыбыздын бир кесипке ээ болуусуна кошкон салымдары үчүн Насаатчы коомдук фондунун сыйлыктарын тапшырды.

Сынакты алып баруучу Нуркасымов Азамат жана 2-курстун студентти Мураталиева Аяна алып барышты. Студенттер бул сынакка дыкааттык менен даярданышканы көрүнүп турду. Алар өздөрүнүн чыгармачылыктарын, өнөрлөрүн көрсөтүштү. Жеңүүчүлөргө Кыргызстандын ичинде саякаттоого “Кеттик” турагенствосунун сертификаты тапшырылды. Ал эми келген коноктор колледждин жалпы жамаатын келе жаткан ыйык Рамазан айы жана айымдарыбыздын жаз майрамы менен куттукташып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.