2023-жылдын 15-мартында Техника-экономикалык колледжинде студенттерге татыктуу билим  берип, нравалык жактан ыймандуулукка, ынтымакка, жарандыкка, патриоттуулукка чакыруу максатында ОБД-20 тайпасынын куратору Токтогулова Кундуз Баатырбековна “Ата Журтум, ата мурасым – сыймыгым” аталышында тарбиялык ачык сабак өткөрдү. Бул сабакка сырттан Афган согушунун ардагерлери Алимганов Кубанычбек Барпыевич, Абыкеев Жалын Сагыналиевич келишип, студенттердин суроолоруна жооп беришип, кызыктуу маек курушту. Сабак максатына жетип, студенттер менен куратордун байланышы жогорку деңгээлде экени көрүндү.