2023-жылдын 10-апрелинде К.И.Скрябин атындагы КУАУда факультеттердин, колледждердин студенттеринин маданий-массалык чыгармачылык ишмердүүлүгүн ойготуу, жекече жөндөмдүүлүктөрүн, шыктуулугун, жамаатташуу жана жолдошчулук мамилесин көтөрүү максатында “Баракелде-2023” – кароо-сынагы болуп өттү.

Кароо-сынакка КУАУнун алдындагы беш колледждин студенттеринен тандалып алынган номерлер көрсөтүлдү. ТЭКтен “Вокалдык аткаруу” номинациясына ТО-20 тайпасынын студенти Ибраев Ислам, “Көркөм окуу” номинациясына ОБД-22 тайпасынын студенти Исагулов Кайрат М.Самыйкожонун “Бирик кыргыз” чыгармасы менен, “Оригиналдуу жанр” номинациясына Эрбай жана Шербай кыргыз күрөшү менен ТО-2-22 тайпасынын студенти Эшенкулов Азамат, “Конферансье” номинациясына ЭБУ-20 тайпасынын студенти Кубатова Альбина, ЭБУ-21 тайпасынын студенти Талантов Асан катышышты.