2022-жылдын 22-сентябрында Техника-экономикалык колледжинде “Баткенге жардам” кайрымдуулук иш-чарасы уюштурулду. Баткендик боордошторубузга окуу жайдын окутуучуларынын атынан бир күндүк маяна-20323 сом акчалай которулуп, студенттердин атынан 12000 сомго керектүү каражаттар алынып, штабга жеткирилип берилди.