Новости.


«Кыргызстандын белгилүү инсандары” аталышында куратордук ачык сабак

2023-жылдын  16-февралында К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде студенттерди патриоттуулукка, эли-жерин сүйүүгө, тарыхты биле жүрүүгө, спортко тартуу максатында «Кыргызстандын белгилүү инсандары” аталышында куратордук ачык сабак болуп өттү.  Сабакка ЭБУ-20 тайпасы менен куратор Ибраева Н.Т. жакшы даярданышканы көрүнүп турду. Студенттер белгилүү жазуучу-акындар, коомдук ишмерлер, спорт чеберлери тууралуу кыскача маалыматтарды даярдашып, сценка коюшту, ырлардан көркөм окушту. Сабактын […]

Читать далее

Профессор Балян Григорий Айказовичтин 95 жылдыгына жана КУАУнун Ардактуу профессору Балян Генрих Григоревичтин 70 жылдыгына

2023-жылдын 16-январында К.И Скрябин атындагы КУАУнун окуу залында профессор Балян Григорий Айказовичтин 95 жылдыгына жана КУАУнун Ардактуу профессору Балян Генрих Григоревичтин 70 жылдыгына арналган университеттин профессор-окутуучулары, кызматкерлери арасында волейбол, стол тенниси, шахмат боюнча спорттук мелдештертери болуп өттү. Бул мелдешке Техника-экономикалык колледжинин окутуучулар жамааты катышты. Шахмат боюнча аялдар командасынын оюнчулары Г.Т.Мундузбаева, К.О.Мукушева, Б.А. Султановалар 3-орунду багындырышып […]

Читать далее

Жаңы жылга карата бөлүмдөр арасында “Өнөрүң болсо өргө чап” кароо-сынагы

2022-жылдын 24-декабрында Техника-экономикалык колледжинде жаңы жылга карата бөлүмдөр арасында “Өнөрүң болсо өргө чап” кароо-сынагы болуп өттү. Сынакка төмөндөгү номинациялар киргизилген. 1.”Бий” 2. “ Аспаптарда ойноо” 3. “ Оригиналдуу жанр” 4. “Сценалык аткаруу” Ушул номинациялар боюнча таймаш кызуу болду. Калыстык кылуу үчүн сырттан Т.Сатылганов атындагы филармониянын солисти Төробеков  Санжар жана ырчы, тамада Медетов Баяман  чакырылган. Жыйынтыгында: […]

Читать далее

Стать подписчиком!