2023-жылдын 16-январында К.И Скрябин атындагы КУАУнун окуу залында профессор Балян Григорий Айказовичтин 95 жылдыгына жана КУАУнун Ардактуу профессору Балян Генрих Григоревичтин 70 жылдыгына арналган университеттин профессор-окутуучулары, кызматкерлери арасында волейбол, стол тенниси, шахмат боюнча спорттук мелдештертери болуп өттү.

Бул мелдешке Техника-экономикалык колледжинин окутуучулар жамааты катышты.

Шахмат боюнча аялдар командасынын оюнчулары Г.Т.Мундузбаева, К.О.Мукушева, Б.А. Султановалар 3-орунду багындырышып кубок жана 7500 сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.

Стол үстүндөгү теннистен С.Н.Турдукулов, Н.Б. Кылычбеков, Э.У. Айманбетов 1-орунду ээлешип, кубок жана 15000 сом акчалай сыйлыктын ээси болушту.

 Бул спорттук мелдештерди профессор Балян Г.А. атындагы коомдук фонду каржылап жана спорттук мелдештер 2023-жылдын 16-январарынан 27-январына чейин аталган университеттин спорт базасында өткөрүлдү.