К.И. Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде «Финансылык сабаттуулук” деген темада куратордук ачык сабак болуп өттү. Сабакты Ф-22 тайпасы менен куратор Ибраева Н.Т. өткөрдү. Студенттер финансылык сабаттуулук боюнча кыскача маалыматтарды даярдашып, активдүүлүктөрүн көрсөтүштү.
Сабактын жүрүшүндө куратордук саатка сырттан коноктор чакырылган, алар Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин инвестиция боюнча менеджери Танабаев Ч.М. жана төлөмдөр боюнча менеджер Шергазиев С.Ж.
Сабактын аягында коноктор студенттердин суроолоруна жооп беришип, кызыктуу маек курушту.