2022-жылдын 27-сентябрында К.И. Скрябин атындагы Техника-экономикалык колледжинде өлкөбүздө түзүлгөн акыркы кырдаал Баткен окуясына байланыштуу, “Карегимде Мекен чеги, капаланба Баткен эли” аталышында мамлекеттик тил күнүнө карата флешмоб өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору тарабынан дилбаяндар сынагы жарыяланган. «Ата-журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулуң чагылганга» аталышындагы дилбаян сынагына студенттердин арасынан жакшы жазылганы министрликке жөнөтүлдү.