2023-жылдын 31-мартында ТО-21 тайпасы куратору Жаңыбаев Тимур Сүйүндүкович “Кумар оюндары” боюнча тарбиялык ачык сабак өткөрдү. Куратор студенттер менен биргеликте кумар оюндарынын келечектеги муундарга тийгизген таасирлери тууралуу презентацияларды, видеороликтерди даярдашкан. Кумар оюндары адамдын психикасына кандай таасир бере тургандыгы жөнүндө айтып берүүсү үчүн сырттан психолог Молдокулова Г.А., кумар оюндарына берилип кеткен өспүрүмдөргө мыйзам түрүндө кандай чаралар колдонула тургандыгын билүү үчүн Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын башкы инспектору, милициянын майору Жантаев М.Р. чакырылышып суроолорго терең жооп беришти.