2023-жылдын 3-мартында Техника-экономикалык колледжинде бөлүмдөр арасындагы окутуучулар менен студенттердин курамынан түзүлгөн волейбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул мелдеш мезгилсиз дүйнөдөн өткөн окуу жайда электр энергиясы боюнча лабораторияны негиздеген, колледждин окутуучусу Колмакбаев Эрсаин Кидиргалиевичтин элесине арналган. Жеке ишкер Айманбетов Эмил Урбашевич он миң (10000) сом жана электр тармактары боюнча окутуучу Ракымов Жаныбек Анарбекович кубок, медалдар менен бул мелдешке демөөрчүлүк кылышты.

Эрсаин Кидиргалиевичтин үй-бүлөсү да жеңүүчүлөргө топ, кубок жана дипломдорду тапшырышты.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр кубок, медалдар жана акчалай сыйлыктарга ээ болушту:

  1. орунду – “МТК жана АО” бөлүмү Диплом жана 5000сом
  2. орунду – “ТУ жанаКК” бөлүмү Диплом жана 3000сом
  3. орунду – “ЖББ” бөлүмү  Диплом жана 2000сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.