2022-жылдын 12-декабрында К.И. Скрябин  атындагы  КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык, Ветеринардык, Агротехникалык, Бишкек агро-экономикалык, Токмок агро өнөр жай колледждеринин ортосунда волейбол боюнча спорттук мелдеш болуп өттү. Бул мелдешке студенттер абдан мыкты даярдык менен келишип, төмөндөгүдүй жыйынтыктарды көрсөтүштү.

Эркектер арасында:

1-орун – Ветеринар

2-орун – БАЭК

3-орун – ТЭК

Кыздар арасында:

1-орун –  ТЭК

2-орун – БАЭК

3-орун – АТК

Катышуучуларды жеңиши менен куттуктайбыз!