2023-жылдын 17-мартында К.И. Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинде жаз майрамы Ноорузга карата “Кел Нооруз” аталышындагы иш чара болуп өттү. Бул сапар колледж Нооруз майрамын спорттук оюндарды өткөрүү менен чектелишти. “Чака чапмай”, “Аркан тартыш”, “Кол күрөш” оюндары ар бир бөлүмдүн окутуучулары менен студенттеринин арасында катуу таймаш менен өттү. Аластоо менен башталган майрам концерттик программа менен коштолуп, өтө жандуу болду. Жыйынтыгында жеңүүчүлөр дипломдор менен сыйланышты.

Нооруз майрамына арналган оюн зооктун жыйынтыгы:

“Чака чапмай”

1-орун- “Ташууларды уюштуруу жана кыймылдын коопсуздугу” бөлүмү

2-орун- “Экономика жана бухгалтердик эсеп” бөлүмү

3-орун- “Маалыматтык – техникалык колдоо жана аралыктан окутуу” бөлүмү

“Кол күрөш”

1-орун — “Ташууларды уюштуруу жана кыймылдын коопсуздугу” бөлүмү

2-орун- “Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу” бөлүмү

3-орун-“Экономика жана бухгалтердик эсеп” бөлүмү

“Таяк тартыш”

1-орун- “Ташууларды уюштуруу жана кыймылдын коопсуздугу” бөлүмү

2-орун- “Маалыматтык – техникалык колдоо жана аралыктан окутуу” бөлүмү

3-орун- “Экономика жана бухгалтердик эсеп” бөлүмү

“Аркан тартыш”

1-орун-“Экономика жана бухгалтердик эсеп” бөлүмү

2-орун-“Жалпы билим берүү” бөлүмү

3-орун- “Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу” бөлүмү